ЭЛДИК БАНК — 2024-ЖЫЛДЫН КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА ЭҢ ЖАКШЫ ИШ БЕРҮҮЧҮСҮ
Элдик Банк Кыргызстандагы бардык компаниялардын арасынан мыкты иш берүүчү болуп табылып, HR-бренд Борбордук Азия 2024 аттуу беделдүү сыйлыктын жеңүүчүсү болду.
24-апрелде Алматы шаарында HR тармагындагы жылдын башкы иш-чарасы — HeadHunter компаниясы тарабынан уюштурулган HR-бренд Борбордук Азиянын VI жылдык сыйлыгы болуп өттү. Бул жылы мыкты иш берүүчү наамы үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 64 долбоору ат салышты.
Бул конкурста Элдик Банктын HR-командасы заманбап жана ийкемдүү корпоративдик маданиятты түзүүгө жардам берген уникалдуу программаны тааныштырды. Тааныштырылган долбоор жөн гана HR стратегиясы эмес. Бул — амбициялуу бизнес максаттарды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан иштелип чыккан концепция.
Элдик Банктын командасына кошулуңуз жана биз менен бирге каржы секторунун жаңы келечегин түзгөн экосистеманын бир бөлүгү болуңуз!