Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» «Санариптик көндүмдөр баары үчүн: ЖАҢЫ БЕТТЕР» эл аралык форумунун өнөктөшү болду

21 апреля 2025

«Элдик Банк» «Санариптик көндүмдөр баары үчүн: ЖАҢЫ БЕТТЕР» эл аралык форумунун өнөктөшү болду

2025-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында «Кыргыз Техновумен» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган «Санариптик көндүмдөр баары үчүн: ЖАҢЫ БЕТТЕР» аттуу эл аралык форум өттү. Бул маанилүү иш-чаранын расмий өнөктөшү катары «Элдик Банк» чыгыш жасап, аялдар менен жаштардын санариптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилгени колдоду.

Форум санариптештирүү жана инклюзия чөйрөсүндөгү тажрыйба, билим жана ийгиликтүү окуялар менен бөлүшүү үчүн ачык диалогдун аянтчасына айланды. Иш-чарада Кыргыз Республикасындагы гендердик саясат маселелери жана аялдардын санариптик өнүгүүгө активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган Президенттин Указынын негизги багыттары талкууланды. Форумдун ардактуу коногу катары Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова катышты.

Панелдик сессиянын алкагында Элдик Банктын Кредиттик департаментинин Регионалдык кредиттик координация башкармалыгынын аймактык менеджери Сайкал Замирбекова «Ишкер-Айым» аттуу банктын продуктусун тааныштырды. Бул программа аялдардын ишкердик демилгелерин колдоого багытталып, бизнес ачууга же кеңейтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, иш-чарада банктын өкүлдөрү катышуучуларга кредиттик маселелер боюнча жана Элдик Банктын бош кызмат орундары тууралуу кеңеш беришти.

Элдик Банк мындай демилгелерди ESG стратегиясынын алкагында туруктуу өнүгүү, инклюзия жана гендердик теңдикти колдоого алуу аркылуу ар дайым колдоп келет.