Элдик Банк – Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасынын (БААЭК-ЦАРЭС) Аялдар бизнес-форумунун өнөктөшү
2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасынын (БААЭК) Аялдар бизнес-форуму «Жашыл инновациялар жана гендердик теңчилик үчүн бирге» урааны астында өттү.
«Элдик Банк» ААК бул иш-чаранын негизги өнөктөштөрүнүн бири катары катышып, жашыл технологияларды өнүктүрүүгө, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен аймактагы туруктуу өсүүгө өз салымын кошуп жатканын дагы бир жолу ырастады.
Форумга мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жана Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүнөн аялдардын бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты – туруктуу айыл чарбадан баштап климаттык технологиялар менен санариптик чечимдерге чейин гендердик багыттагы жашыл инновацияларды илгерилетүү .
Форумдун алкагында Элдик Банк аялдар жетектеген экологиялык инновациялар жана климаттык чечимдер темасына арналган төртүнчү панелдик сессияны уюштуруп, өткөрдү.
Сессияны ачып жатып, «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова буларды белгилеп кетти: «Элдик Банк үчүн бул форумга катышуу жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, чыныгы өнөктөштүк. Биз туруктуу өнүгүү аялдардын катышуусуз, инновациялык ыкмаларсыз жана өкмөттүн, каржы институттарынын, ошондой эле бизнес коомчулуктун биргелешкен аракеттерисиз мүмкүн эместигине ишенебиз».
Сессияга Кытай, Азербайжан, Монголия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан жашыл долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкер аялдар жана лидерлер катышышты.

Мындан тышкары, Элдик Банктын жана Unison Groupтун колдоосу менен аялдардын демилгелеринин көргөзмөсү уюштурулуп, анда аял ишкерлер түзгөн жашыл стартаптар жана инновациялык продукттар көрсөтүлдү.
Элдик Банк ESG-стратегиясын жана аялдардын ишкердигин колдоого, “жашыл” кредиттерди жана туруктуу каржылык чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган программаларды активдүү ишке ашырууда.
Ошондой эле, Банк аялдардын экономика тармагына катышуу шартын кеңейтүүгө жана экологиялык коопсуз технологияларды жайылтууга багытталган бир катар улуттук жана аймактык демилгелердин өнөктөшү катары да иш алып барууда.
Кошумча маалымат:
БААЭК Аялдар бизнес-форуму Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) колдогон ЦАРЭС 2030 Гендердик стратегиясынын алкагында өткөрүлуп турат.
БААЭК программасы Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүн аймактык кызматташтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү максатында бириктирет.
