Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк WAP Invest 2025 инвестициялык форумуна катышты

16 сентября 2025

Элдик Банк WAP Invest 2025 инвестициялык форумуна катышты

Форум Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыттарына инвестиция тартууга арналды.
Иш-чаранын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу механизмдери, агробизнестин мүмкүнчүлүктөрү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. 

«Элдик Банктын» кызматкерлери агроөнөр жай комплексин насыялоо, лизинг жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кеңештерди беришти.
Форумга катышуу «Элдик Банктын» агроөнөр жай тармагынын өнүгүшүн туруктуу колдоп келе жатканын жана фермерлерге, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана аграрийлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөк көрсөтүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.