Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк WSBI Social Week – 2025 демилгесине кошулду

15 сентября 2025

Элдик Банк WSBI Social Week – 2025 демилгесине кошулду

Элдик Банк дүйнөнүн 76 өлкөсүндөгү каржылык институттарды бириктирген глобалдык демилге — WSBI Social Week – 2025ке катышты. Кампаниянын алкагында банк Чолпон-Ата шаарында экологиялык акция өткөрдү: кызматкерлер шаардык парктын аймагына 30дан ашык көчөт отургузуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сууга түшүүчү куткаруучулар борбору менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн тазалашты.

Ысык-Көлдө өткөрүлүүчү ишембиликтер Элдик Банк үчүн жакшы салтка айланды. Мындай демилгелер банк тарабынан туруктуу өнүгүү принциптерине жана ESG-повесткага берилгендигин чагылдырат.

WSBI Social Weekке кошулуу социалдык долбоорлор чек араны билбестигинин дагы бир далили болду: жергиликтүү аракеттер глобалдык натыйжа жаратып, дүйнөнү таза, дени сак жана гармониялуу кылууга салым кошо алат.