Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААКсынын үчүнчү спартакиадасы болуп өттү.

15 сентября 2025

«Элдик Банк» ААКсынын үчүнчү спартакиадасы болуп өттү.

Элдик Банк ар дайым кыймылда!

Күн нуруна малынган Ысык-Көлдүн жээгинде «Элдик Банктын» бардык филиалдарынын командалары катышкан үчүнчү ири спартакиада болуп өттү. 500дөн ашуун кызматкерлер ар кандай спорт түрлөрүндө күч сынашты:

  • Таяк тартыш
  • Аркан тартыш
  • Эстафеталык чуркоо
  • Шахмат
  • Настолдук теннис
  • Футбол
  • Волейбол
  • Сууга сүзүү

Бул чыныгы драйвдын, эмоциялардын жана команда рухунун майрамы болду!

Оюндар таза, кызыктуу жана өтө динамикалуу өттү — катышуучулар болгон күчүн жумшап, күйөрмандар колдоосу менен атаандаштык руху достуктун майрамына айланды. Спартакиада ден соолукту чыңдоо менен катар коллективдин ынтымагын бекемдеген жакшы салтка айланды. Бардык кесиптештерди спартакиададагы жаркын жана ийгиликтүү катышуусу менен куттуктайбыз!