Элдик банк RES 2026 ЭКСПО көргөзмөсүнө катышты

"Элдик Банк" ААК Астанада өткөн RES 2026 ЭКСПО көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө 55 өлкөнүн өкүлдөрүн, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн президенттерин жана жогорку даражалуу кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдарды бириктирип, туруктуу өнүгүү, климат жана инвестиция маселелерин талкуулады.
Элдик Банк климаттык инвестициялык платформада Кыргызстандын банк секторунун жалгыз өкүлү болду.
Саммиттин жүрүшүндө "Элдик Банк" башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева климат, экология жана туруктуу каржылоо боюнча панелдик сессияларда сөз сүйлөп, эл аралык инвесторлор жана өнүктүрүү банктары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
RES 2026 ЭКСПО көргөзмөсүнө катышуу эл аралык кызматташтык, инвестицияларды тартуу жана туруктуу каржылык демилгелерди илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.










