Элдик Банк SOS-балдар айылындагы өспүрүмдөр үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү
31-октябрда белгилене турган Дүйнөлүк үнөмдөө күнүнө карата «Элдик Банктын» Окуу борбору SOS-балдар айылындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү.
Тренинг учурунда банк кызматкерлери балдарга акчаны туура пайдалануунун, үнөмдөөнүн жана максат коюп топтоонун маанисин түшүндүрүштү. Катышуучулар интерактивдүү оюндар жана финансы боюнча викториналар аркылуу акчага байланыштуу негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүштү.
Иш-чаранын соңунда «Элдик Банктын» кызматкерлери балдарга белектерди тапшырды жана келечекте ийгилик, ишеним жана жаңы жетишкендиктерди каалашты.
«Элдик Банк» жыл сайын Дүйнөлүк үнөмдөө күнүнө арналган иш-чараларга активдүү катышып, жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга салым кошуп келет.
Элдик Банк — Эл үчүн, Келечек үчүн!



