"Элдик Банк" Монголиянын ири банктары менен жолугушууларды өткөрдү
«Элдик Банк» ААК Директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Токторбаев жана Башкарманын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова Монголиянын ири банктарында жолугушууларды өткөрүп келишти.
Аталган иш сапар алкагында өлкөнүн үч каржы институту: Khan Bank, Trade and Development Bank of Mongolia жана XACBANK жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында «Элдик Банк» Монголиядагы эл аралык каржылоо жана соода иштеринде орчундуу орунду ээлеген Trade and Development Bank of Mongolia (TDB) банкы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Талкуулардын жүрүшүндө TDB өкүлдөрү Жашыл Климат Фонду менен ийгиликтүү кызматташуу, анын ичинде, аккредитациялоо процедуралары, туруктуу өнүгүү талаптарын аткаруу жана экологиялык стандарттарды бизнес-процесстерге интеграциялоо тажрыйбасы менен бөлүштү.
Өз кезегинде, «Элдик Банк» менен ХасБанктын ортосундагы эки тараптуу жолугушууда жашыл каржылоо долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. «Элдик Банк» менен Khan Bank, XACBANK жана Trade and Development Bank of Mongolia ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар келечекте узак мөөнөттүү кызматташууга жетишүү маселесине өзгөчө көңүл бурушканын кошумчалап кетебиз.









