17 июня 2025
Элдик Банк — RSBP программасы боюнча эң көп сыйлык алган банк
Бүгүн Бишкекте Regional Small Business Programme (RSBP) программасына катышкан кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул программа Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан ишке ашырылып, Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Максаты — чакан жана микробизнеске каржылык кызмат көрсөтүүдөгү мыкты тажрыйбаларды өнүктүрүү.
Элдик Банк – эң көп кызматкер даярдаган жана эң көп сыйлыкка ээ болгон банк! Программа башталгандан бери 250тан ашуун кызматкерибиз окуудан өттү. Бүгүн болсо дагы 17 адис ваучер жана статуэтка менен сыйланды.
Биз билимге инвестиция салууну — кызмат көрсөтүүнүн сапатына инвестиция деп билебиз. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу — Элдик Банктын HR-брендинин негизги багыты.