Ишкер24.окуу ─ Элдик Банк&MEGA кызматташтыгынын санариптик билим кербени аймактарды камтууда
#GovFinTech #Ишкер24
Ishker24.okyy Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында кеңири кулачын жайды. Кийинки жумада Элдик Банк&MEGA санариптик билим кербени Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарын камтымакчы.
Ишкер24.okyy Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте салык реформасын колдоо жана ишкерлер үчүн “Ишкер24” мобилдик тиркемесинин 1.0 версиясын ишке киргизүү максатында жүргүзүлүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.
!1-июлду – патенттин жокко чыгарылышын күтпөңүз. “Ишкер24” кызматына Мамлекеттик салык кызматына барбастан, кезексиз жана Мамлекеттик салык кызматынын маалымат тутумдарына жүктөмсүз, азыр эле өтсөңүз болот. Мыйзамга ылайык, жеке ишкерди каттоого эле 3 күнгө жакын убакыт кетет эмеспи. 1-июлга чейин, эгер сиз маалыматтарды туура киргизсеңиз, каттоодон өтүүгө болжол менен бир суткага жакын убакыт кетет!
Ишкер24.okyy борбор калаада бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер үчүн масштабдуу иш-чара өткөрүү менен жыйынтыкталат. Жакынкы арада IOS үчүн “Ишкер24” мобилдик тиркемесинин 1.0 версиясы күтүлүүдө. Тиркеменин версияларын түзүү жана ишкерлер менен биргеликте өркүндөтүү үчүн, кайтарым байланыш линиялары ачылган: *2400 (бирдиктүү кыска номер),: (+996) 755 002 400 ( WhatsApp) жана 116 номери (Мамлекеттик салык кызматынын call-борбору).
Байланыш борборлору иш күндөрү: саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт, 18:00дөн кийин билдирүүлөр гана кабыл алынат.
Кызматташтык түзгөн компаниялар өлкөнүн санариптик трансформациясынын негизги Gov-жол көрсөтүүчүлөрү болуп саналат десек жаңылышпайбыз! Элдик Банк&MEGA ─ социалдык багыттагы компаниялар. Ошондуктан бул компаниялар жарандарыбызга (айрыкча, ишкерлерге) санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү миссиясын алышкан. Мындан тышкары, “Ишкер24” тиркемесин колдонуу көндүмдөрүн гана эмес, учурдагы акылдуу чечимдерди чыгарган smart solutions компаниялардын эң популярдуу санариптик мобилдик каржылык чечимдерди үйрөтөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, 1- мартта Элдик Банк&MEGA МСК менен биргеликте 1.0. Ишкер24 тиркемесинин Android үчүн расмий версиясын расмий түрдө ишке киргизди.
Маанилүү! “Ишкер24” аркылуу каттоодон өткөндө 15 миллион сомго чейин кирешеси бар ЖИ үчүн ─ 0 салык, 0 отчет, KKM/QR (Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү гана).
Тиркеменин 3 версиясы каралган, жаңы функциялар кошулуп турат. Жалпысынан алганда, “Ишкер24” ─ бул ишкердигиңиздин бардык этаптарын "бирдиктүү терезе" аркылуу онлайн жүргүзүү, тактап айтканда, ишкердик жүргүзүүнүн Мамлекеттик салык кызматына жана башка мамлекеттик органдарга кайрылбастан эле ишке ашырылган ыңгайлуу жана жөнөкөй жолу.
Ишкер24: Сиздин бизнесиңиз санарипте – “бирдиктүү терезеде”.
www.ishker.24.kg
Ишкер24: Ваш бизнес в цифре - в «едином окне».
www.ishker.24.kg










