Элдик Банктын Ислам терезеси жана Alma Insurance: кызматташтык жөнүндө келишим
«Элдик Банк» Ачык акционердик коомунун Ислам терезеси жана «Alma Insurance» камсыздандыруу компаниясы ислам каржылык кызматтарын өнүктүрүү алкагында кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Документте исламдык камсыздандыруу принциптерине негизделген «Такафул» өнүмүн сунуштоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер каралган.
Кызматташтыктын максаты — Шариатка ылайык келген каржылык өнүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, каржылык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана өз ара жардамдашууга жана тобокелчиликти бөлүшүүгө негизделген альтернативдүү камсыздандыруу инструменттерин өнүктүрүү.
Кызматташтык жөнүндө келишим өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого шарт түзүп, өлкөдө ислам каржылык кызматтарынын андан ары өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Элдик Банктын Ислам терезеси жана Alma Insurance компаниясы жеткиликтүү кызматтардын түрүн кеңейтүү жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдиришти.
Маалымат үчүн:
«Такафул» – бул ислам каржылоо принциптерине негизделген камсыздандыруу механизми. Ал тобокелдикке дуушар болгон коом мүчөлөрүнүн өз ара кызматташуусуна таянып, алардын каржылык кесепеттери «Вакф» фонду аркылуу биргелешип бөлүштүрүлүүчү система болуп саналат.
