Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" Кыргызстандын банктарынын арасында уставдык капиталынын өлчөмү боюнча лидер!

12 мая 2023

"Элдик Банк" Кыргызстандын банктарынын арасында уставдык капиталынын өлчөмү боюнча лидер!

"Элдик Банк" Кыргызстандын банктарынын арасында уставдык капиталынын өлчөмү боюнча алдынкы орунда! 

Банктын акцияларын 2 321 638 500 сом суммасында кошумча чыгаруунун (эмиссия) эсебинен капиталды көбөйтүүнүн натыйжасында "Элдик Банк" ААКнун уставдык капиталы 9 млрд 400 млн 822 миң сомду түздү.

Мындай чечим бүгүн "Элдик Банк" ААК акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыналышында кабыл алынды.

Ошентип, "Элдик Банк" уставдык капиталынын өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасынын банктарынын арасында башка банктарды алдыга салдырбаган алдынкы орунда туруктуу бойдон калды.

Уставдык капиталдын көбөйүшү бул "Элдик Банктын" дагы ишенимдүү, туруктуу жана сапаттуу иштеп жатканын билдирет. Банк тез өнүгүп жатат жана кардарлардын жана өнөктөштөрдүн жогорку ишенимине ээ болуп калууда.

"Элдик Банк" өлкөбүздө филиалдарынын жана банкоматтарынын саны боюнча да алдынкы болуп саналат жана финансылык кызматтардын кеңири чөйрөсүн көрсөтөт.