Карта жөнүндө
“Элкарт”-“Социалдык төлөмдөр” - бул социалдык төлөмдөр менен жардамдарды (пособиелерди) алууда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыздай турган социалдык карта. Социалдык картанын жардамы менен ар кандай кызматтардын төлөмдөрүн аткарса болот, ошол эле учурда, турак-жай-чарбалык төлөмдөр, салык төлөмдөрү, дүкөндөрдө сатып алган буюмдарыңызга төлөмдөрдү жасасаңыз болот. Социалдык картанын ээси өзүнө тиешелүү төлөмдөрдү алууну жөнөкөйлөтүү менен өз турмушун кыйла жеңилдете алат. Жардамдарды (пособиелерди) картага алган учурда ЭЛКАРТ системасынын жакын жердеги банкоматынан каалаган учурда, накталай алганга мүмкүнчүлүк алат - мында кассага кезекке туруу же кандайдыр бир кагаздарды, ж.б. толтуруунун эч кереги жок.













