Элдик Банк өнөктөштөрү менен бирге шаарды жашылдандырды!

2026-жылдын 24-октябрында жыл сайын өткөрүлүүчү экологиялык демилгелердин алкагында Элдик Банк жана Mastercard, Beeline Кыргызстан жана Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун муниципалдык администрациясы менен биргеликте дарак отургузуу акциясын өткөрүштү.
Дарак отургузуу иш-чарасы Бишкек шаарындагы борбор калаанын 8-чи жана 12-чи кичи райондорунда бир эле учурда эки жерде өттү.

Жалпысынан 100 даана эмен көчөтү отургузулду – бул шаар шартына ылайыктуу, бышык жана туруктуу, ошондой эле суукка жана кургакчылыкка туруктуу дарак.
Акция жыл сайын өткөрүлүүчү экологиялык демилгелердин алкагында өттү, бул биздин баалуулуктарыбызды чагылдырат – Элдик Банк ESG принциптерин колдойт.
Биз Бишкекти келечек муундар үчүн жашыл жана жагымдуу кылуу үчүн биргелешкен аракеттер менен жетише алабыз деп ишенебиз!









