Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Россиядагы кыргызстандыктар үчүн «Сбербанк Онлайн” аркылуу “Элдик Банктын” карталарына акысыз ыкчам которуулар

06 июля 2023

Россиядагы кыргызстандыктар үчүн «Сбербанк Онлайн” аркылуу “Элдик Банктын” карталарына акысыз ыкчам которуулар

«Элдик Банк» ААК банктын карталарына «СберБанк Онлайн» тиркемеси аркылуу Россия Федерациясынан Кыргызстанга ыкчам которуу кызматын ишке киргизди.

Кызматты киргизүүнүн максаты Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн акча которууларды жеңилдетүү болгон.

Эми «СберБанк Онлайн» колдонуучулары бир нече чыкылдатуу менен алуучунун төлөм картасына байланышкан телефон номерин киргизип менен оңой жана тез акча жөнөтө алышат.

Кантип которуу керек?

  • “Сбербанк Онлайн” тиркемесинде “Төлөмдөр” бөлүмүн тандаңыз -> “Башка өлкөгө” -> Кыргызстан;
  • “Картага же эсепке”;
  • Төлөм картасына байланышкан алуучунун телефон номерин киргизиңиз (+996 хххххххх);
  • "Элдик Банкты" басыңыз;
  • Керектүү продуктуну тандап, сумманы киргизиңиз;
  • Алуучунун реквизиттерин текшерип, төлөмдү ырастаңыз.

Акча түздөн-түз картага түшөт. Каражаттарды RSK24 мобилдик банкингден текшерсе болот.

Кызмат - комиссиясыз.

Бул кызмат «Элдик Банктын» бардык карталарын ээлерине жеткиликтүү.