Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк фермерге лизингге айыл чарба техникасын берди

27 октября 2026

Элдик Банк фермерге лизингге айыл чарба техникасын берди

Элдик Банк фермерге лизингге айыл чарба техникасын берди

Элдик Банк Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү улантып, фермерлерге заманбап айыл чарба техникасын ыңгайлуу шарттарда лизинг аркылуу жеткиликтүү кылууда. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоо программасынын алкагында Элдик банк Турдубаев Максатбек Белековичке трактор берди.

Эми ал техниканы жумуштун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чарбасын өнүктүрүү үчүн пайдалана алат. Элдик Банк айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жылына 6% менен 7 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген лизингди сунуштайт.

Бул каражаттарга айыл чарба техникасын сатып алууга болот. Лизингдин суммасы айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн 30 миллион сомго чейин, кластердин агрегаторлору үчүн 300 миллион сомго чейин турат.

Баштапкы төлөм 10% дан башталат. Элдик Банк ата мекендик фермерлерди колдоону улантып, айыл чарбасын модернизациялоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошот.