Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» жана «Амонатбанк» кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюшту

16 июня 2026

«Элдик Банк» жана «Амонатбанк» кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюшту

«Элдик Банк» жана «Амонатбанк» кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюшту

«Элдик Банк» 2026-жылдын 10-июнунда Душанбе шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ ББ) мүчө-банктарынын тармактык конференциясына катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин алдыңкы финансылык институттарынын өкүлдөрү катышып, банк секторун санариптик трансформациялоо, жасалма интеллектти киргизүү, тобокелдиктерди башкаруу жана туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Душанбе шаарына болгон иш сапардын алкагында «Элдик Банк» ААКсы менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик унитардык ишканасы «Тажикстан Республикасынын Амонат банкы» («Амонатбанк») ортосунда эки тараптуу жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кызматташуу жөнүндө меморандумга жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын финансылык уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол коюлду.

Кол коюлган документтер төлөм-эсептешүү жана депозитардык инфраструктураны өнүктүрүү, банктык кызматтарды санариптештирүү, маалыматтык коопсуздук, чек ара аралык төлөмдөр жана исламдык каржылоо багыттарында кызматташууну кеңейтүүнү карайт.

«Элдик Банк» менен «Амонатбанктын» өнөктөштүгүн өнүктүрүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы финансылык байланыштарды чыңдоого, заманбап банктык чечимдерди ишке киргизүүгө жана эки өлкөнүн кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.