Элдик Банк насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартты

Элдик Банк бир катар насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартат. Кардарлар каржылоонун атайын шарттарынан 2026-жылдын 31-октябрына чейин пайдалана алышат.
Акциянын алкагында төмөнкү насыялык продуктулар жеткиликтүү:
Бизнес-насыялар - жылдык 15%дан баштап, 60 айга чейин;
Агронасыялар - жылдык 15%дан баштап, 60 айга чейин;
Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен керектөө насыялары - жылдык 17%дан баштап, 60 айга чейин;
Турак жай жана коммерциялык ипотека - жылдык 16%, 120 айга чейин;
«Бизнес» дүң насыялоо - жылдык 16%, 36 айга чейин;
Экспресс-насыялар - жылдык 19%, 36 айга чейин;
Онлайн-насыялар - жылдык 19%, насыянын суммасына жараша 24 же 36 айга чейин.
Эффективдүү пайыздык чен - 16,06%дан баштап.
Насыялоо шарттары тууралуу кеңири маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн алууга болот.










