Чолпон-Ата шаарында Элдик Банк ШКУнун банктар аралык бирикмесинин Кеңешинин XXII –жыйынын өткөздү

2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) Кеңешинин XXII - отуруму болуп өттү, ШКУ БАБ Кеңешинин Төрагасы катары «Элдик Банк» ААК тарабынан уюштурулду.
Кыргызстанга ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин мүчө банктардын Индия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.
Катышуучулар банктар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана ШКУ мүчө мамлекеттердин экономикасын чыңдоого багытталган долбоорлорду биргелешип каржылоого, ошондой эле жашыл экономиканы туруктуу каржылоо жана Уюмдун алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
ШКУ БАБтын орто мөөнөттүү келечекке 2027-2031-жылдарга карата андан ары өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуу жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири болду.
Документте Бирикменин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленип, ШКУга мүчө мамлекеттердин алкагында көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө, туруктуу экономикалык өсүштү колдоо жана инновациялык финансылык чечимдерди ишке ашырууга багытталган.
Катышуучулар ошондой эле ESG, туруктуу жана социалдык-инклюзивдик каржылоо чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасын бекитишти.Документ мүчө банктардын туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө кызматташуусун кеңейтүүнү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну жана заманбап каржы инструменттерин өнүктүрүүнү камтыйт.
Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн каржы институттары ортосунда кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Катышуучулар банк секторунун адистеринин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзгөн биргелешкен семинарлардын, конференциялардын жана билим берүү программаларынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып катышуучулар каржылык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.
Маалымат үчүн. Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар аралык Бирикмеси (ШКУ БАБ) 2005-жылдын 26-октябрында түзүлгөн.Анын ишмердүүлүгү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого көмөктөшүүгө, банктар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.
Азыркы учурда ШКУ БАБнын курамына уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ири ыйгарым укуктуу каржы институттары кирет, атап айтканда: Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы, РФ ВЭБ Мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы (Россия Федерациясы), Тажикстан Республикасынын «Амонатбонк» мамлекеттик аманат банкы, Өзбекстан Республикасынын Тышкы экономикалык иш-аракет боюнча улуттук банкы, Казакстандын өнүктүрүү банкы, Habib Bank Limited (Пакистан Ислам Республикасы), India Infrastructure Finance Company Limited (Индия Республикасы) жана «АСБ Беларусбанк» ААК (Беларусь Республикасы) жана «Элдик Банк» ААК (Кыргыз Республикасы).
2025-жылдын 26-октябрынан тартып 2026-жылдын 25-октябрына чейинки мезгил аралыгында ШКУ БАБ ишине төрагалык милдетти Элдик Банк аткарат. Азыркы учурдагы төрагалык милдеттин алкагында Элдик Банк аталган бирикменин иш-аракетин координациялоо менен, эл аралык делегацияларды кабыл алып, кызматташууну кеңейтүү, туруктуу каржылоо жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүү иштерин ийгиликтүү алып барууда.


















