21 сентября 2026
Элдик Банк эл үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү
Элдик Банк каржылык сабаттуулуктун негиздерине жана жеке каржыны туура башкарууга арналган окутуу тренингин өткөрдү.
Тренингдин алкагында катышуучулар киреше жана чыгашаларды туура пландаштыруу, акча топтоо, каржылык максаттарды коюу жана күнүмдүк жашоодо каржылык чечимдерди туура кабыл алуу тууралуу маалымат алышты.
Өзгөчө көңүл акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке да пландаштырууга жардам берген практикалык билимдерге бурулду.
Ошондой эле коноктор үчүн тарых жана жетишкендиктер залында экскурсия уюштурулуп, анда аманат ишинин тарыхы жана анын Элдик Банкка айланышы тууралуу маалымат берилди.



