Элдик Банк Чүй облусундагы мугалим-жаратмандарга колдоо көрсөтөт

Элдик Банк менен «Teach for Kyrgyzstan - Заманбап Мугалим» коомдук фонду Кыргызстанда сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык келишимине кол коюшту. Банк «Элдик Жаратман» пилоттук демилгесин колдоо үчүн каражат бөлдү. Жаратмандар – бул ар кайсы тармактардан келген, мектептерде иштеп, өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучуларды шыктандырып жана алардын потенциалын ачууга жардам берген кесипкөйлөр.
Демилгенин алкагында Элдик Банк сегиз ай бою Чүй облусунун мектептерине иштегени бара турган жети мугалим-жаратманга стипендиялык колдоо көрсөтөт. Алар жер-жерлерде окутуунун заманбап ыкмаларын жана технологияларын киргизип, жасалма интеллектти колдонуудан баштап, практикалык курстарга жана интерактивдүү сабак форматтарына чейин окуучулардын муктаждыктарын эске алган билим берүү долбоорлорун иштеп чыгышат. Өнөктөштүк ошондой эле Элдик Банктын өкүлдөрүнүн өнөктөш мектептердин жашоосуна катышуусун да караштырат. Атап айтканда, мектептерге баруу жана ачык сабактарды, анын ичинде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды өткөрүү пландаштырылган.
Окуучулар жеке финансыны башкаруунун негиздери менен таанышып, күнүмдүк жашоо үчүн пайдалуу билимдерди ала алышат. Бүгүнкү күндө «Заманбап Мугалим» программасы Чүй облусунун 11 мектебинде ишке ашырылууда. Аларда 39 мугалим-жаратман эмгектенип, алардын ишмердүүлүгү 8 миңден ашык окуучуну камтыйт. Маалымат үчүн: «Заманбап Мугалим» программасы дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндөгү билим берүү демилгелерин бириктирген Teach For All эл аралык тармагынын бир бөлүгү болуп саналат. Кыргызстанда долбоор 2024-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.







