Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Мессенджерлердеги алдамчылар

15 марта 2026

Мессенджерлердеги алдамчылар

Акыркы учурда алдамчылар адамдарды алдоо үчүн мессенджерлерди көп колдонуп жатышат. Алар таанышыңыздын, кесиптешиңиздин же тууганыңыздын атынан жазышы мүмкүн.

Алдамчылыктын кеңири тараган схемасы: «Салам, шашылыш акча керек болуп жатат, карызга бере аласыңбы?» деген билдирүү келет, карта номерин же акча которуу үчүн шилтемени жөнөтүшөт, акчаны мүмкүн болушунча тез которууну суранышат. 

Эмне кылуу керек:

- билдирүү алган соң дароо акча которбоңуз;

- шектүү шилтемелерге кирбеңиз;

- маалыматты текшериңиз, адамга түздөн-түз телефонго чалып билиңиз.

Өзүңүздү кантип коргой аласыз:

- мессенжерлерде эки баскычтуу коргоону күйгүзүңүз;

- шектүү билдирүүлөргө ишенбеңиз;

- тааныбаган адамдарга акча жөнөтпөңүз.

Эгер шектүү жагдайды байкасаңыз же күмөн санасаңыз - акча которбоңуз жана банкка кайрылыңыз.