26 августа 2026
«Чакан жана орто бизнести колдоо» жаңы кредиттик продукту

Элдик Банк бизнести өнүктүрүүгө, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, өндүрүштү кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга пайдалуу каржылоону сунуштайт.
Кредит юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, анын ичинде мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге берилет.
Негизги шарттар:
▪️ кредиттин суммасы — 1 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин;
▪️ пайыздык чен — жылдык 14% (ЭПЧ 14,9%);
▪️ багыттары — бизнес жана агрокредиттөө.
Ишиңизди Элдик Банк менен бирге өнүктүрүңүз 💚
Толук маалыматты банктын филиалдарынан жана 9111 номери аркылуу алсаңыз болот.









