Garmin акылдуу саат аркылуу сатып алуулар үчүн төлөңүз!
«Элдик Банк» Visa карталары боюнча жаңы Garmin Pay жаңы кызматын сунуштайт – бул терминал аркылуу контактсыз төлөм ыкмасы.
Garmin Pay тиркемесине кантип туташууга болот?
• телефонуңузга (Android, IOS) Garmin Connect тиркемесин жүктөп алыңыз;
• Garmin Devices бөлүгүндө саатыңызды орнотуңуз;
• Garmin Pay дегенди басыңыз;
• төлөм реквизиттерин (аты-жөнү, номери, жарактуулук мөөнөтү, CVV/CVC коду) көрсөтүү менен Элдик Банктын Visa картасын кошуңуз.
Garmin Pay аркылуу сатып алуулар үчүн сизге буларды аткаруу керек:
• саатта капчык менюсун иштетүү;
• картаны тандоо;
• саатты контактсыз интерфейси бар терминалга коюу;
• зарыл болсо, Garmin Connect тиркемесинде капчыгыңызды ачып жатканда койгон сыр сөздү жазуу талап этилет.
«Элдик Банктын» жаңы кызматы менен убактыңызды үнөмдөңүз жана сатып алууларды ыңгайлуу жана коопсуз төлөңүз.
Маанилүү. Картаны смс-билдирүүгө туташтыруу керек.
Garmin Connect тиркемесин AppStore жана PlayMarketтен жүктөп алууга болот.







