30 июля 2026
«Асанбай» жаңы филиалы ачылды

Элдик Банктын жаңы «Асанбай» филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземине «Элдик Банк» ААКнын Башкармасынын мүчөлөрү, филиалдардын директорлору жана кардарлар катышты.
Жаңы филиалда кардарлар банктык кызматтардын толук топтомун пайдалана алышат:
- насыя;
- Visa, Mastercard жана Элкарт эл аралык жана улуттук төлөм карталарын ачып, тейлете алышат;
- Eldik мобилдик банкингди туташуу;
- аманаттарды ачуу;
- овердрафт;
- акча которуулар;
- ар кандай кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, банктын башка продуктуларын пайдалана алышат.
Иштөө тартиби:
- Дүйшөмбү – Жума: 08:30–16:30 (түшкү тыныгуусуз)
- Ишемби, Жекшемби: эс алуу күндөрү
Дареги: Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү, 21/1Г.









