Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик банктан "бала ыры" балдар жөлөкпулун алыңыз

01 июля 2026

Элдик банктан "бала ыры" балдар жөлөкпулун алыңыз

Элдик банктан "бала ыры" балдар жөлөкпулун алыңыз

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөк пул киргизүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, «Элдик Банк» ААК Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана «Түндүк» ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун автоматташтырылган негизде төлөө процессин этап-этабы менен ишке киргизди.

Банк тармагындагы алдамчылык фактыларынын көбөйүшүн жана жаш балдары бар калктын социалдык жактан аяр катмарынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин эске алуу менен, аталган процесс учурда «Элдик Банк» ААК жана «А Банк» ААК аркылуу жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн бардык аймактарында Банктын адистери Министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жарандарга жеринде консультациялык жардам көрсөтүп жатышат.

Бир күндүн ичинде «Элдик Банктын» мобилдик тиркемеси аркылуу «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн 19 миң жаңы колдонуучу катталды. Ошондой эле Банктын өлкө боюнча бөлүмдөрүндө 3117 жаранга банктык эсеп ачууга көмөк көрсөтүлдү.

Учурда системага дагы 13 коммерциялык банкты кошуу иштери жүрүүдө. Азырынча системанын туруктуулугун жана коопсуздугун текшерүү максатында «Түндүк» мобилдик тиркемесинде эсептешүүчү банк катары «А Банк» ААК жеткиликтүү. Система толук даяр болгондон кийин башка банктар да этап-этабы менен кошулат.

Бул иштер мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн бирдиктүү системасын түзүү боюнча биргелешкен пландын алкагында ишке ашырылууда. «Элдик Банк» ААК финансылык-техникалык оператор катары платформаны өнүктүрүп, катышуучулар даяр болгон сайын интеграция иштерин жүргүзүп, калкка кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыздап келет.