S&P Global Ratings Элдик Банктын кредиттик рейтингин ырастады

Эл аралык S&P Global Ratings рейтинг агенттиги Элдик Банктын узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү кредиттик рейтингдерин «B+/B» деңгээлинде, туруктуу прогноз менен ырастады.
Ошону менен бирге, Элдик Банктын өз алдынча кредиттик профили (Stand-Alone Credit Profile, SACP) «BB-» деңгээлинде бааланды, бул Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингинен жогору. Бул баа берүү банктын мүмкүн болгон тышкы колдоону эсепке албаганда, анын өзүнүн финансылык туруктуулугун чагылдырат.
Агенттик өзүнүн отчетунда банктын капиталдык базасынын бекемдигин, анын Кыргызстандын финансы рыногундагы алдыңкы позициясын жана өлкөнүн экономикалык демилгелерин колдоодогу маанилүү ролун белгиледи.
Элдик Банк Кыргызстандын банк секторундагы өз позициясын бекемдөөнү улантууда, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын каржылоону кеңейтип, ишкердикти колдоп жана заманбап финансылык кызматтарды өнүктүрүүдө. S&P Global Ratings тарабынан рейтингдин ырасталышы жана өз алдынча кредиттик профилдин «BB-» деңгээлинде бааланышы банктын финансылык туруктуулугунун, анын өз алдынча төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана өлкөнүн банк тутумундагы маанилүү ролунун далили болуп саналат.
S&P Global Ratings — S&P Global корпорациясынын бөлүмү болгон алдыңкы эл аралык кредиттик рейтинг агенттиктеринин бири. Агенттик мамлекеттердин, компаниялардын жана финансылык инструменттердин кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалап, рыноктун катышуучуларына көз карандысыз аналитикалык маалыматтарды берет.






