Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Кичи жана орто бизнеске пайызсыз насыя

02 июня 2022

Кичи жана орто бизнеске пайызсыз насыя

«Элдик Банк» ААКсы COVID-19 кесепеттеринен жапа чеккен ишкерлерди колдоонун алкагында кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет.

Долбоор эки категориядагы чакан жана орто бизнести насыялоону карайт:

  • Микро ишкерлерге - 250 000 сомго чейин.

- Азыркы учурда, ошондой эле 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер.

  • Чакан жана орто бизнес - 1 000 000 сомго чейин.

- 01.07.2018-жылдан бери 8 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

- 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар.

Насыянын максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58-01-20 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.