Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Жалал-Абад филиалы Глобалдык акча жумалыгынын алкагында студенттер үчүн лекцияларды өткөрдү

10 апреля 2025

Жалал-Абад филиалы Глобалдык акча жумалыгынын алкагында студенттер үчүн лекцияларды өткөрдү

“Элдик Банктын” Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери Депозиттерди коргоо агенттигинин өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенттери үчүн лекцияларды өткөрүштү. Иш-чара Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өтүп, жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталды.

Катышуучулар жеке каржылык пландаштыруунун маанилүүлүгү, аманаттарды коргоо жана банктык коопсуздуктун негиздери тууралуу пайдалуу маалымат алышты.

Финансылык сабаттуулук — ишенимдүү келечектин негизи!