Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк — банктар аралык шахмат турниринин чемпиону!

10 апреля 2026

Элдик Банк — банктар аралык шахмат турниринин чемпиону!

2026-жылдын 4-апрелинде банктар аралык шахмат турнири болуп өттү жана ага кага катышкан Элдик Банктын командасы ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээлеп, стратегиялык ой жүгүртүүнү, туруктуулукту жана чыныгы командалык рухту көрсөттү.

 

Команданын курамында төмөндөгүлөр болушту:

Кубат Султанбеков, Нурбек Молдакунов, Жоомарт Чолпонбек уулу жана Насипа Турарбекова.

Өткөн жылкы вице-чемпион макамында турнирге келген биздин шахматчылар алгачкы турлардан тарта жогорку арым менен, аягына чейин эки тур калганда эле жеңишке ээ болушту. Жыйынтык — 14 мүмкүн болгон упайдан 14 упай жана абсолюттук жыйынтык.

 

Биз алардын жеке жетишкендиктери менен өзгөчө сыймыктанабыз:


Кубат Султанбеков жана Нурбек Молдакунов жеке эсепте жогорку орундарды ээлешти.

 

🏆 Көптөн күткөн Чемпион Кубогу Элдик Банкка тапшырылды!

Команданы татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана аларга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!