07 апреля 2025
Элдик Банк жана МИК Россиянын Новосибирск шаарында мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүдө
5-7-апрель күндөрү “Элдик Банк” (мурдагы “РСК Банк”) жана Мамлекеттик ипотекалык компания Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда мамлекеттик компаниялардын кызматкерлери жарандарды кеңири маалымат менен камсыздап, суроолоруна жооп берип, ошол жерде эле топтоочу депозит ачууга жана онлайн арыз берүүгө жардам көрсөтүшүүдө.
Эскерте кетсек, “Топтомо ипотека” программасы Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар үчүн иштелип чыккан.
Эгер сиз чет өлкөдө эмгектенип жатсаңыз, бирок мекениңизден өз үйүңүздү алууну кааласаңыз — “Топтоомо ипотека” сиз үчүн эң ылайыктуу мүмкүнчүлүк!