Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Билим күнү алдында Элдик Банк кайрымдуулук жардамын көрсөттү

01 сентября 2025

Билим күнү алдында Элдик Банк кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Жаңы окуу жылынын башталышына карата Элдик Банк муктаж болгон балдарга берүү үчүн Азиздер жана дүлөйлөр коомунa 53 мектеп рюкзагын керектүү окуу куралдары менен тапшырды.

Жардам Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы балдарга жетти.

Эскерте кетсек, бул рюкзактар «Beeline Кыргызстанды» сатып алуу бүтүмүн жыйынтыктоого арналган Банктын иш-чарасында өткөн кайрымдуулук акциясынын алкагында чогултулган. Иш-чаранын коноктору рюкзактарды окуу куралдары жана белектер менен толтуруп, жылуу каалоолор жазылган ачык каттарды кошуп беришкен.

Бул демилге Элдик Банктын ESG-стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Стратегия жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү, инклюзивдүүлүктү жайылтуу жана келечек муунга кам көрүү принциптерине негизделген.

Биз билим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенебиз жана ар бир бала үчүн тең укуктуу шарттарды түзүүгө салым кошуп жаткандыгыбызга кубанычтабыз.