07 апреля 2025
Элдик Банк командасы “Футбол – баарына" турниринде
Футбол – баарына!
Өткөн ишемби күнү Бишкек шаарында «Футбол – баарына» аттуу III аялдар арасындагы сүйүүчүлөр турнири болуп өттү. Турнирге жалпысынан 8 команда, алардын катарында Элдик Банктын курама командасы катышты.
Турнирдин катышуучулары спорттук чеберчиликти, командалык биримдикти жана укмуштай энергияны көрсөтүштү.
Командабыз менен сыймыктанабыз жана бул шыктандыруучу спорт майрамына катышкан бардык кыз-келиндерге ыраазычылык билдиребиз!