22 января 2026
Көңүл буруңуз, алдамчылар!
Акыркы учурда алдамчылык фактылары көбөйдү. Telegram мессенджери аркылуу белгисиз адамдар жарандарга жазып, банкта кредит алууга комиссия үчүн “жардам берүүнү” сунуштап жатышат.
Маалымат үчүн билдиребиз: Бул мүмкүн эмес. Банк кредиттерди ортомчулар аркылуу жол-жоболобойт жана “жардам” үчүн комиссия албайт. Сиздерден суранабыз: жеке маалыматтарыңызды бербөөгө; акча каражаттарын которбоого; банктын расмий каналдарына гана ишенүүгө.
Күмөн жаралса, банктын жакынкы бөлүмүнө же расмий байланыш номерлерине кайрылууну сунуштайбыз. Өзүңүздү жана каржыңызды сактаңыз.