04 июня 2024
Эл аралык Комплаенс Ассоциациясынан " ICAнын шайкештиктин негиздериндеги сертификаты"

Банктын Комплаенс-контролдоо бөлүмүнүн кызматкери Эл аралык Комплаенс Ассоциациясы (International compliance association) тарабынан «Комплаенс негиздери боюнча ICA сертификаты» курсунан окуп, тиешелүү билимге ээ болду.
Бул окутуунун программасы жөнгө салуу деген эмне, комплаенс практикада, комплаенстин негизги багыттары ж.б.у.с. суроолорду камтыды. Экзаменди ийгиликтүү тапшырган кызматкер тиешелүү эл аралык ICA сертификатка ээ болду.
Комплаенс боюнча ICA сертификаты Банктын жаңы багыттарга, жаңы чакырыктарга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле экинчи деңгээлдеги санкция тобокелдерин азайтуу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн бекемдейт жана эл аралык стандарттарга жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага ылайык комплаенс чараларын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.









