30 июля 2025
Эми Кыргызтелеком кызматтарын төлөө мурдагыдан да жеңил болду!
Жаңыланган kt.kg сайтында Элдик Банк аркылуу телефония жана интернет кызматтары үчүн QR-код менен төлөө функциясы ишке кирди. ⠀
Бул үчүн:
- Лицевой эсепти киргизесиз — сумма көрсөтүлгөн QR-код автоматтык түрдө чыгат
- QR-кодду сканерлеп — бир нече секундда төлөйсүз
- Кол менен толтуруучу форма үчүн статикалык QR-код да жеткиликтүү ⠀
- Бул функция күнү-түнү иштейт жана төлөмдү дагы да ыңгайлуу кылат. ⠀
Накталай эмес төлөмдөр — бул тез гана эмес, мамлекеттин санариптик эсептешүүгө өтүү жөнүндөгү токтомуна да шайкеш келет. ⠀
Онлайн төлөңүз — убактыңызды үнөмдөңүз жана коопсуздукту камсыз кылыңыз.