Көңүл бургула! Алдамчылыктын жаңы түрү!

Урматтуу кардарлар!
Акыркы убакта алдамчы, шылуундардын аракети күч алып жатканы байкалууда.
Бейтааныш эле адамдар сизге телефон аркылуу өздөрүн Банктын Коопсуздук кызматынын кызматкери катары тааныштырып, шектүү төлөм, акча которуу же кредит алуу тууралуу кабарлашат.
Андан ары алар ал жерде акча коопсуз болот деп ишендирип, башка банктардын тиркемелерине (приложение) шилтемелерди жөнөтүшөт. Же болобосо, мындай шылуундар сизден ПИН-код, картанын номерин же CVC коду сыяктуу банктык маалыматты берүүнү суранат.
Эсиңиздерде болсун, Банктын Коопсуздук кызматынын чыныгы кызматкерлери эч качан чалышпайт, шилтемелерди жөнөтүшпөйт жана эсепке же тиркемеге кирүү үчүн маалыматты талап кылбайт.
Банктык коопсуздук кызматынанмын деген алдамчыларга алданып калбоо үчүн:
- Картаңыздын арткы бетиндеги кодду, СМСтен келген коддорду же интернет-банкка кирүү үчүн маалыматтарды айтып бербеңиз;
- Сизге жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерди ачпаңыз жана сунушталган тиркемелерди жүктөп албаңыз;
- Эгерде сизге банктанмын деп чалып/жазып көйгөй тууралуу билдирсе, ишенбеңиз, дароо кайра Банкка өзүңүз чалып/жазып тактаңыз;
- Банктардын расмий гана төлөм системаларынын жана соода аянтчаларынын кызматтарын колдонуңуз.
Мындай алдамчы, шылуундар өздөрүнүн сайттары аркылуу сиздин эсептик маалыматтарыңызды билип алып, акчаңызды уурдап кетиши мүмкүн.
Өтө сак жана этият болуңуздар!









