Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Bishkek Snow Leopard Run 2026 марафонуна катышты

19 октября 2026

Элдик Банк Bishkek Snow Leopard Run 2026 марафонуна катышты

Элдик Банк Bishkek Snow Leopard Run 2026 марафонуна катышты

2026-жылдын 18-октябрында Элдик Банктын командасы илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого багытталган экологиялык демилгени колдоо максатында Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык марафонуна катышты.

Марафонго катышуу Банктын туруктуу өнүгүү принциптерине, сергек жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандын жаратылышына аяр мамиле кылууга болгон берилгендигин чагылдырат.

Bishkek Snow Leopard Run - кесипкөй спортчуларды, ышкыбоз жөө күлүктөрдү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кайдыгер карабаган адамдарды бириктирген жыл сайын өтүүчү марафон.

Иш-чара Кыргызстандын жаратылыш мурасынын символдорунун бири болгон илбирсти сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Катышуучулардын старттык төлөмдөрүнүн бир бөлүгү илбирсти жана анын экосистемасын сактоо программаларын колдоого жумшалат.

Элдик Банк өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын уникалдуу экосистемасын сактоого багытталган демилгелерди колдойт.