«Биримдик кубогу»: бир команда болуп ойнойбуз!

17-октябрда «Биримдик кубогу» аттуу футбол турнири өтүп, ага Элдик Банктын, ЭлТехтин, Элдик Лизингдин жана Beeline компаниясынын командалары катышты.
Турнир спорттук мелдеш гана болбостон, кызматтан тышкары чөйрөдө жолугушууга, бири-бирин колдоого, командалык духту бекемдөөгө жана бир чоң экосистеманын бөлүгү экенин сезүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түздү.



Турнирдин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
🥇 1-орун — Элдик Банк
🥈 2-орун — Элдик Банк 2 (Нарын облусунун кызматкерлери)
🥉 3-орун — Beeline
Мындан тышкары, оюн талаасында өзгөчө айырмаланган оюнчулар да сыйланды:
-
Мыкты оюнчу — Туратов Амангелди
-
Мыкты коргоочу — Эсеналиев Санжар
-
Мыкты бомбардир — Бекболотов Адыл
-
Мыкты чабуулчу — Болушов Максатбек
-
Мыкты дарбазачы — Аманалиев Азиз


Жеңүүчүлөрдү жана бардык номинация ээлерин куттуктайбыз! Көрсөткөн мыкты оюну, спорттук деми жана жагымдуу атмосфера үчүн бардык командаларга ыраазычылык билдиребиз.
«Биримдик кубогу» дагы бир жолу баш кошууга, бири-бирибизди колдоого жана бир чоң команда катары убакыт өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк болду!






