Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк – Kyrgyz Open 2025 гольф турниринин башкы өнөктөшү

04 ноября 2025

Элдик Банк – Kyrgyz Open 2025 гольф турниринин башкы өнөктөшү

2025-жылдын 1–2-ноябрында «Кленовый лист» гольф клубунда жыл сайын өтүүчү Kyrgyz Open 2025 турнири болуп өттү. Бул иш-чаранын башкы өнөктөшү катары Элдик Банк чыкты

Иш-чаранын алкагында банк атайын кеңеш берүү зонасын уюштуруп, анда катышуучулар жана коноктор Visa Infinite премиалдык картасы, анын артыкчылыктары жана өзгөчө кызматтары тууралуу маалымат ала алышты.

Мындан тышкары, Элдик Банк өз кардарлары жана турнирдин катышуучулары үчүн атайын белектерди жана сыйлыктарды даярдады.

Ден соолукка пайдалуу жашоо образын жана спорт маданиятын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантып, Элдик Банк бизнес, спорт жана коом өкүлдөрүн бириктирген иш-чараларга салттуу түрдө катышып келет.

Kyrgyz Open 2025 турнири сезонунун эң жаркын окуяларынын бири болуп, ишкерлер ортосундагы баарлашуу, ой бөлүшүү жана өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү аянтчага айланды.