02 декабря 2025
Элдик Банк - премиалдык сегменттеги лидер
Элдик Банк MASTERCARD төлөм системасы тарабынан ыйгарылган «Премиалдык сегменттеги лидер» аталыштагы абройлуу сыйлыкка татыктуу болду
Бул таануу биздин рыноктогу ишенимдүү позициябызды жана кардарларыбызга көрсөтүп келе жаткан кызмат көрсөтүүнүн жогорку сапатын тастыктайт.
Сыйлык Банк командасынын продукттарды өнүктүрүүгө, кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган системалуу эмгегинин жыйынтыгы болду.
Биз өнөктөштөрүбүзгө бизге карата ишеними жана жогору баалоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Ошол эле учурда, алдыда дагы көп ийгиликтүү биргелешкен долбоорлор күтүп турганын белгилеп кетебиз!
