Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк каржылык жарманкеге катышты

08 апреля 2025

Элдик Банк каржылык жарманкеге катышты

2025-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Глобалдык акча жумалыгы – 2025 алкагында ири каржылык жарманке болуп өттү.

Иш-чарага активдүү катышкан «Элдик Банк» жарманкеге келген жарандарга банктык кызматтар, айрыкча депозиттик продуктылар боюнча кеңештерди сунуштады. Катышуучулар аманат каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүктөрү жана алардын пайдалуу шарттары тууралуу кеңири маалымат алышты.

Жарманкенин алкагында каржылык сабаттуулук боюнча интерактивдүү оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Ар бир катышуучу финансы боюнча пайдалуу билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алды.

Ошондой эле, «Элдик Банктын» адистери катышуучулардын суроолоруна жооп берип, үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоо жана башкаруу боюнча пайдалуу кеңештерин бөлүштү. Бул жалпы калктын каржылык маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

Жарманкенин жүрүшүндө музейдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Депозиттерди коргоо агенттигинин эксперттери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана башка чакырылган коноктор чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага 500дөн ашуун киши катышып, каржылык билимди жайылтуу боюнча маанилүү аянтчага айланды.