Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Арсеналдын” легендарлуу коргоочусу Сол Кэмпбелл — Бишкекте

04 декабря 2025

“Арсеналдын” легендарлуу коргоочусу Сол Кэмпбелл — Бишкекте

Элдик Банк Mastercard менен биргеликте англиялык футболдун тирүү легендасы Сол Кэмпбелл менен фан-встреча уюштурду.

Иш-чарага жаш футболчулар, күйөрмандар жана Элдик Банктын социалдык тармактардагы өзгөчө акциясынын жеңүүчүлөрү катышты.

Жаштар дүйнөлүк футбол жылдызы менен түз баарлашып, суроолорун берип, эскертик сүрөткө түшүп, автограф жана атактуу коргоочунун номери түшүрүлгөн фирмалык футболкаларын алышты. Сол Кэмпбелл ар бирине өзгөчө көңүл буруп, өзүнүн ийгилик тарыхы жана тажрыйбасы менен жаш спортчуларды шыктандырды.

Мындай демилгелер Кыргызстанда футбол маданиятынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жаңы муунду спортко шыктандырат жана спортко болгон сүйүүнү чыңдайт. Элдик Банк футбол долбоорлорун колдоону жана өлкөдө активдүү, дени сак жашоо образын жайылтууну улантат.