Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Абайлаңыздар, алдамчылар!

19 февраля 2026

Абайлаңыздар, алдамчылар!

Социалдык тармактарда белгисиз адам тарабынан «Элдик Play» аттуу платформа жана казино тууралуу маалымат таратылган видео жайылууда. Расмий түрдө билдиребиз: бул маалымат чындыкка дал келбейт жана Элдик Банктын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

  • шектүү шилтемелерге өтпөңүздөр;
  • белгисиз тиркемелерди жүктөбөңүздөр;
  • жеке жана банктык маалыматыңызды үчүнчү жактарга бербеңиздер.

Алдамчылар Банктын атын жана аброюн колдонуп, жарандарды адаштырып жатышат. Маалыматты Элдик Банктын расмий булактарынан гана алыңыздар. Шектүү жагдайлар жаралса, байланыш борборуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Өзүңүздөрдү жана каражаттарыңызды сактаңыздар.