Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк пенсионерлер үчүн санариптик сабаттуулук боюнча тренингге катышты

11 февраля 2026

Элдик Банк пенсионерлер үчүн санариптик сабаттуулук боюнча тренингге катышты

Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан коомдук пайдалуу долбоордун алкагында уюштурулган пенсионерлер жана улгайган жарандар үчүн «Санариптик сабаттуулук» аттуу тренингге катышты.

 Банктын өкүлү Рымбекова Асель Eldik мобилдик тиркемеси боюнча презентация жасады. Катышуучуларга тиркеменин негизги мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, негизги банктык операцияларды жүргүзүү тартиби түшүндүрүлдү: эсептин калдыгын көрүү, акча которууларды ишке ашыруу жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү. Каржылык жана санариптик коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 Элдик Банктын катышуусу улгайган жарандардын санариптик банктык кызматтарга болгон ишенимин бекемдөөгө жана алардын каржылык катышуусун кеңейтүүгө көмөк көрсөттү. Бул банктын социалдык багытын жана калкка жеткиликтүү каржылык кызматтарды камсыз кылуудагы ролун дагы бир жолу тастыктады.