Элдик банк "Айыл чарбасын каржылоо 14" программасын ишке киргизди
Программа мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү,
тамчылатып сугаруу системаларын, чачыратма сугаруу системаларын ишке ашыруу, суу сактагычтарды куруу жана күнөскана чарбачылыгы менен алектенген ишкерлер үчүн иштелип чыккан.
Насыя мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө берилет.
Программанын шарттары боюнча:
— күрөөсүз 500 000 сомго чейин алууга болот;
— мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн күрөө менен 500 000 сомдон 1 миллион сомго чейин;
— сугат системалары жана суу сактагычтар үчүн 3 миллион сомго чейин.
Насыянын мөөнөтү 36 айга чейин,
жеңилдетилген мөөнөт 6 айга чейин.
Пайыздык чен жылына болгону 6%,
натыйжалуу чен 6,18%дан башталат.
Насыя улуттук валюта, кыргыз сому менен берилет.
ФСХ-14 программасы - бул сиздин бизнесиңизди өнүктүрүү, заманбап технологияларды ишке ашыруу жана кирешелүүлүктү жогорулатуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Eldik Bank филиалдарына кайрылыңыз же 9111 номерине чалыңыз.