Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер Ош, Манас жана Баткен шаарларында өткөрүлдү

03 февраля 2026

Каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер Ош, Манас жана Баткен шаарларында өткөрүлдү

Ош, Баткен жана Манас шаарларында студенттер үчүн каржылык сабаттуулукту жана жеке каржыны башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуу тренингдери өткөрүлдү. Иш-чараларга Ош мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышты.

Жолугушуулардын алкагында студенттер каржылык сабаттуулук боюнча тренингдерге, практикалык жана интерактивдүү оюндарга, Kahoot викторинасына, ошондой эле жеке бренд боюнча тренингге катышышты. Мындай формат пайдалуу билим алууга гана эмес, аны дароо практикада колдонууга, турмуштук реалдуу кырдаалдарды талкуулоого жана эксперттерге суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Окутуу сессиялары Элдик Банктын эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Тренингдердин эң активдүү катышуучулары эстелик белектер менен сыйланышты.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасында сактык ишинин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Элдик Банк өлкөнүн сактык ишинин сактоочусу деп таанылганына байланыштуу уюштурулду.

Жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча улуттук демилге мындан ары да улантылып, өлкөнүн башка аймактарын камтыйт.

Ош мамлекеттик университети:

Жалал-Абад мамлекеттик университети:

Баткен мамлекеттик университети: