"Элдик Банк" ААКсынын стратегиялык сессиясы болуп өттү
7–8-февралында Элдик Банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана InteriseGroup эл аралык компаниясынын эксперттеринин катышуусунда стратегиялык сессия өткөрүлдү.
Иш-чара алдын ала жүргүзүлгөн биргелешкен аналитикалык иштин жыйынтыгы болуп, Банктын рыноктогу позициясын чыңдоого жана өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктоого багытталды. Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар пре-талдоо баскычында аныкталган негизги өсүү чекиттерин талкуулап, алардын эл аралык жана рыноктогу мыкты практикаларга шайкештигин баалашты, ошондой эле кардарга багыттуулукка, натыйжалуулукка жана Банктын туруктуулугуна тийгизген таасирине жараша өнүгүү багыттарын приоритеттештиришти.
Ошондой эле мындан аркы кадамдарды синхрондоштурууга жана стратегияны практикалык жүзөгө ашыруу үчүн InteriseGroup менен өз ара аракеттенүүнүн операциялык моделин бекитүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сессиянын жыйынтыгында теориялык иштеп чыгуулардан Эл аралык тажрыйбаны учурдагы бизнес-модельге интеграциялоого багытталган иш-аракеттер планына өтүү чечими кабыл алынды.

