Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Жаштык айылында 033-42-62 сактык кассасынын ачылышы

18 февраля 2026

Жаштык айылында 033-42-62 сактык кассасынын ачылышы

2026-жылдын 17-февралында Лейлек районунун Жаштык айылында «Элдик Банк» ААКнын №033-42-62 сактык кассасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине айыл өкмөтүнүн башчысы Абдухамитов Мухтар Курбанбаевич, айылдык кеңештин төрагасы Мурадилов Жээнали Жеңишбекович, ошондой эле акимдин орун басары Джеенмуратов Улукбек Иматович катышты. Алар өз сөздөрүндө алыскы калктуу конуштарда финансылык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сактык кассанын ачылышы айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болорун баса көрсөтүштү.

№033-42-62 сактык кассасы негизги банктык кызматтарды көрсөтөт: төлөмдөрдү кабыл алуу, акча которууларды жүргүзүү, насыяларды берүү жана тейлөө, ошондой эле финансылык продуктылар боюнча кеңеш берүү. Бул айыл тургундарына убакытты жана каражатты үнөмдөөгө шарт түзүп, аймактагы финансылык жеткиликтүүлүктү жана туруктуулукту жогорулатууга өбөлгө болот.

Сактык кассанын ачылышы Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын болгон айылдарын колдоо жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында ишке ашырылды.

«Элдик Банк» ААК мындай демилгелерди ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде экономикалык активдүүлүктү бекемдөөгө жана райондун мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот.